• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Министр: Дарыгерлерге сый акы эртеңден баштап бериле баштайт

7 Чын куран 2020 9:59 Бишкек Govori.TV

Карантиндик аймактарда иштеп жаткан дарыгерлерге сый акы эртеңден баштап бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 7 апрелде өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов  билдирди.

«Медиктердин айылыгын карап жатабыз, өз учурунда берилет. Кошумча да төлөнөт. Ал эми COVID-19 жуктуруп алгандарды дарылап жаткандарга да каражат кошуп берилет. Сый акы эртеңден баштап банктар аркылуу берилип баштайт»,-деди министр.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандагы карантиндик аймактарда иштеп жаткан дарыгерлерге айлык маянасынан сырткары ар бирине 46 350 сомдон төлөнө турганын жана карантиндик аймактагы дарыгерлер эң көп 14 сутка иштеп андан соң, алардын ордуна башка кызматкерлер нөөмөттү алмаштырыша турганын Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирген болчу.

Количество просмотров: 930