• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Министр Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалынын жеңүүчүсүн кабыл алды

11 Тогуздун айы 2022 13:20 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Астана шаарында өткөн II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалында 1-орунду алган Салтанат Кеңешчоро кызын кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Министр эл аралык фестивалда өлкө намысын татыктуу коргогон Салтанат Кеңешчоро кызын жеңиши менен куттуктап, бала бакча — жаш балдардын коомго аралашуудагы, өнүгүүсүндөгү маанилүү этап экендигин белгиледи.

“Бала бакчада балдардын ой жүгүртүү, элестетүү, баарлашуу сыяктуу негизги жөндөмдөрү калыптанат. Азыркы санариптешүү заманында мектепке чейинки билим берүү жаңычылдыкты талап кылууда. Андыктан эл аралык тажрыйбадан алган жаңы дем, жаңы идеялар менен ушул жаатта иш алып барарыңызга ишенем”, — деди Мамбетакунов.

Ошондой эле Уланбек Мамбетакунов министрлик тарабынан педагогдордун кесиптик квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп, алдыда көптөгөн иш-аракеттер жасаларын билдирди.

Количество просмотров: 74