• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Министр: Эмдөөдөн өткөндөргө тамактануучу жайларда жеңилдиктер болот

17 Баш оона 2021 13:27 Бишкек Govori.TV

Министрлик вакцина алган жарандар үчүн стимул берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министр Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн 17-августта коронавируска каршы вакциналардын сапаты жана коопсуздугу тууралуу маалымат жыйын учурунда билдирди.

Министрдин айтымында, азыр калкты эмдөөдөн өткөрүү керек.

“Эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет бонусу берилет. Кафе, ресторандар жана соода борборлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, эмдөөдөн өткөндөргө жеңилдиктерди беришет. Тамак-аш тейлөө түйүндөрү мындай чараларга макул. Башка өлкөлөргө окшоп унаа берүүнү пландаган жокпуз, себеби өлкөдөгү экономикалык кырдаал баарыбызга белгилүү”, – деп билдирди Алымкадыр Бейшеналиев.

Количество просмотров: 1782