• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министр «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышты

9 Тогуздун айы 202415:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районундагы «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жеринде тиешелүү жетекчилер менен жолугуп, кеңешме өткөргөн министр кытай тарап менен макулдашылган 14/7 иштөө режими толук камсыздалышы керектигин баса белгиледи.

«Жүктөрдү өткөрүүдө ар-кыл тоскоолдуктарды жана негизсиз текшерүүлөрдү кыскартып, жүк ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү. Тейлөө сапатын жогорулатуу зарыл, кошумча акча алуулар болбошу керек. Кандайдыр бир мыйзам бузуулар байкалса тийиштүү чаралар көрүлөт», — деди министр.

Мындан тышкары, Сыргабаев Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун 262-чакырымындагы жаңы салынган кыргыз-кытай Достук көпүрөсүн барып көрдү.

Ошондой эле ведомство жетекчиси №960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлеринен кабар алды.

Количество просмотров: 160