• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Министр Ибраев электр энергиясын 5 кВт/саат чектөө тууралуу маалымат берди

11 Аяк оона 202314:31 Бишкек Govori.TV

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 11-сентябрда электр энергиясын пайдаланууга киргизилген 5 кВт/саат чектөөгө түшүндүрмө берип, мындай норма мурдатан эле бар экенин билдирди.

Министр бул чек электр көп колдонулган кечки сааттарда гана маанилүү экенин, андан башка маалда катардагы керектөөчү мынчалык ток колдонбой турганын тактады.

«5 кВт/саат деп айтса эле айрымдар муну чектөө деп ойлоп жатат. Азыр бизде эч ким 10 кВт/саатка чейин электр энергиясын колдонбойт. Биздеги бир фазалуу линиялардын баары 5 кВт/саатка гана ылайыкташкан, андан көбүрөөк ашып кетсе, ток сайган жерлердин баары өрттөнүп кетет. Союз убагында саатына 3 кВт/саат болчу, бүгүнкү күндө 5 кВт/саатка чейин берилип жатат. Ал эми үч фазалуу линиясы барлар мындан ашыкча алуу үчүн келишим түзүп, техникалык уруксат алышкан. Аларга эч ким чек коё албайт, бирок биз баары бир энергия көп колдонулган кечки сааттарда аларды да колдонууну азайтып туруусун суранабыз», – деди Таалайбек Ибраев.

4-сентябрда «Биринчи радиого» берген маегинде энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев быйыл кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынарын эскерткен. Ал ар бир кардар белгиленген чекте электр жарыгын ала турганын, алдын ала эсеп менен ар бир үйгө 5 кВт/саат чектөө болорун билдирген.

Количество просмотров: 114