• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Министр Иманалиев Таластагы мектептерди кыдырды 

1 Чын куран 2023 9:44 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Талас облусундагы бир катар мектептерби кыдырды. Бул тууралуу ведоммтвонун басма сөз кызматы кабарлады.

Алсак, министр Арашан орто мектеби, М.Мамбетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби, №4 орто мектеби жана Чалдыбар мектеп-интернатынын абалы менен таанышты.

Аталган мектептердин жетекчилери менен болгон жолугушууда министр PISA-2025 изилдөөсүнө даярдыкты күчөтүү жана жалпы республикалык тестирлөөнүн көрсөткүчүн көтөрүү боюнча иштерди жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Каныбек Иманалиев билим берүү уюмдарынын эмгек жамааттарын ынтымакка чакырып, заманбап билим берүүнүн талаптарына ылайык биргеликте иш алып баруу учурдун талабы экендигине токтолду.

Количество просмотров: 212