• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Министр калың карды жиреп мектепке барган мугалимдерге ыраазычылык билдирди

21 Бирдин айы 2024 15:37 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбева аба ырайынын катаал шартына карабастан, сабагын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн кар жиреп мектепке барган мугалимдерге ыраазычылык билдирет. Бул тууралуу министрлик тараткан маалыматта айтылат.

«Социалдык тармактарга тараган видеодо Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы Т.Асанбаев атындагы орто мектебинин мугалимдери Дамира Султанбаева менен Бактыгул Дадакееванын тизеден жогору карды кечип, мектепке бара жатышкан көрүүгө болот. Анткени 20-февралда Жыргалаң айылында катуу бороон болуп, техниканын жетишсиздигинен бардык көчөлөр тазаланган эмес. Ага карабастан мугалимдер толук жумушка чыккан», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Т.Асанбаев атындагы орто мектепте 163 окуучу билим алат, мектепте от жагылып, жылуу болгондуктан сабактар кадимки режимде өтүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин соцтармакта өтө калың карды жиреп бара жаткан айымдардын видеосу тарап, алар мугалимдер экени айтылган.

Теги:
Количество просмотров: 98