Кыргызстанда коронавирус менен жабыркаган 10 адам айыкты. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде өкмөт үйүндө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
«Таңды жакшы жаңылык менен баштайын. 10 адам коронавирустан айыкты. Бүгүн 23 адам ооруканадан чыгарылат», — деп билдирди министр.