• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Министр: Малайзия менен билим берүү тармагында кызматташууга кызыкдарбыз

15 Бугу 2024 12:50 Бишкек Govori.TV

Малайзия менен билим берүү тармагында кызматташууга кызыкдарбыз. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

«Бүгүнкү жолугушуудан жемиштүү натыйжаларды күтүп жатабыз. Анткени Малайзия билим берүү системасы күчтүү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. Биздин кызыкчылык абдан чоң. Эки өлкөнүн ортосунда макулдашуу жок болгондуктан биздин жарандар жеке окуу жайларга түз тапшырып окуп жатышат. Биз февраль айында аталган өлкөгө барып, өзөктүү 3 маселе боюнча сүйлөшүп келгенбиз. Алсак, мамлекеттик кызматкерлерге ыкчам түрдө англис тилин үйрөтүү боюнча жеңилдетилген ийримдерди уюштуруу, мугалимдерге тажрыйба алмаштыруу, күн жана шамал энергетика боюнча адистерди даярдоо»,-деди Кендирбаева.

Белгилей кетсек, кечээ Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

Количество просмотров: 62