Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жалган жалаа, негизсиз сөздөрдү таратып жатат деп айыптады. Бул тууралуу ал 3-февралда болгон жайда жыйында билдирди.
«Министр буга чейин оорукана жөнүндө далилсиз сөздөрдү айтып келди, кечээ күнү менин дарегиме дагы сөз тийгизди. Мен жолукканга аракет кылдым, бирок макул болгон жок. Бул мамлекеттик мекеме, эч кандай менин менчигим эмес», — деди ал.
Жумабеков ошондой эле бул жагдайга байланыштуу президентке кайрылды жана кызматтан кеткенке даяр экенин, бирок борборду сактап калууга аракет кыларын билдирди.
Мунун алдында Бейшеналиев маектеринин биринде Сабырбек Жумабековду бул оорукананы менчиктештирип, тааныш-билиштерин, туугандарын жумушка орноштуруп алды деп айыптаган.