• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Министр Ниязбеков милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

1 Жетинин айы 2023 9:40 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 1-ноябрь – Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүн байланыштуу куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрдин куттуктоосу:

«Мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн күнү-түнү тыным албастан өлкөдөгү ички тартипти, калкыбыздын бейпилдигин сактап келе жаткан Кыргыз милициясынын кезектеги салтанаттуу майрамын белгилеп жатабыз.

Мен, бүгүн жалпы кыргыз милициясынын өздүк курамын 1–ноябрь – Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнү  менен Ички иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктаймын!

Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы Жапаров Садыр Нургожоевич, коомдук тартипти сактоо багытындагы ишмердүүлүгүбүздү ар тараптан колдоого алып, материалдык-техникалык базабызды чыңдоого өзгөчө камкордук көрүп жаткандыгы – бул бизге көрсөтүлгөн   өзгөчө   ишеним деп эсептейбиз.

Кылым босогосунда турган Кыргыз милициясынын тарыхында канчалаган окуялар орун алып, эр жүрөк кызматкерлерибиз, тажрыйбалуу ардагерлерибиз нечендеген тарыхый окуяларга күбө болушкан! 
Улуу инсандарыбыздын баскан даңктуу жолдорун, алардын иштеген иштерин сапаттуу улантып келе жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери бүгүн да сый урматка татыктуу деп эсептеймин.
Өлкөбүздүн келечеги үчүн бардык сыноолорду жана кыйынчылыктарды татыктуу жеңип, элибиздин бейпил жашоосун камсыз кылып келе жаткан ички иштер органдарынын жана Ички аскерлердин кызматкерлери – бизге тагылган милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарууга, зарыл учурда өз өмүрүбүздү да аябастан кызмат кылууга даярбыз деп ишенем.

Тарыхтын барактары белгилегендей милициянын иш-аракети эч убакта жеңил болгон эмес, өлкөбүздүн аймактарында туруктуулукту, тынчтыкты камсыз кылууда түн уйкудан калып, кызмат кылган милиция кызматкерлеринин мээнети зор. Сиздер бар үчүн, сиздердин кыраакы, кажыбас эмгегиңиздердин натыйжасында элибиз тынч уктап, бейкапар  эмгектене алышат.

Кылмыштуулук менен күрөшүүдө, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоодо биздин кызматкерлерибиз мурдагыдан да кыраакылыкка, ыкчамдуулукка жана кесипкөйкөйлүккө умтулуп, заманбап санариптик технологияларды жогорку деңгээлде пайдалануу менен коомдук тартипти сактоого багыт алышты.
Милициянын кесиби жөнөкөй жарандарыбыздан баштап, мамлекеттик жооптуу жетекчилердин көз кырында турган өтө жооптуу жана түйшүктүү кызмат. 

Элибиз кыйынчылык түшкөн учурда биринчи кезекте жардамга милицияны чакырып, ага ишеним артат, ошол себептүү коомдук тартипти сактоодо берген Антыбызга ар бирибиз бек туруп, адилет иштешибиз керек. 

Ички иштер органдарынын кызматкерлери эл менен биримдикте жана ынтымакта биргелешип,  укуктук демократиялык мамлекетти курууга, өлкөдөгү саясий жана социалдык туруктуулуктун сакталышына жан аябастан тер төгө иштеп келе жатасыздар.

 Милиция кызматкерлеринин ишмердигинде чынчылдык, берилгендик, кайраттуулук, баатырдык, ыкчамдуулук – бул ички иштер органдарына гана тийиштүү асыл сапаттар деп эсептеймин.

Милициянын сапаттуу ишмердүүлүгү – бул биздин өлкөнүн туруктуулугунун жана өнүгүүнүн, жарандардын коопсуз жашоосунун кепилдиги болуп эсептеле тургандыгын белгилеймин.

Урматтуу кесиптештер! 
Кадырман ардагерлер!

Сиздерди 1-ноябрь — Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнү, кесиптик майрамыңыздар менен чын ниеттен куттуктаймын. 
Ар дайым ишиңиздер ийгиликтүү, ар бир аткан таңыңыздар ачык, ар бир жасаган ишиңиздер элибиздин ыраазычылыгына татыктуу болуп, үй-бүлөңүздөрдө бакубат жашоо өкүм сүрсүн! 

Сиздердин баарыңыздарга жана үй-бүлөңүздөргө  бекем ден соолук, узун өмүр, чексиз кайраттуулукту жана ийгиликтерди каалаймын!  Майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын, бар болуңуздар, аман болуңуздар!  Майрамыңыздар куттуу болсун!».

Количество просмотров: 73