Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкекте өткөн социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйынында сөз сүйлөп жатып, эми окуучулардын сабактар боюнча жылдык жүктөмү 820 саатка кыскартыларын билдирди.
Жыйында министр аталган тармакта жасала турган реформалар тууралуу маалымат берди.
«Кыргызстандын мектептериндеги окуучулардын сабактарынын жылдык жүктөмү учурда 1020 саатты түзөт. Бул окуучу үчүн өтө оор жана физикалык, психикалык жактан басым болуп саналат. Министр белгилегендей, эми окуучулардын сабактар боюнча жылдык жүктөмү 820 саатка кыскартылат», — деп билдирди министр.