Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев бүгүн, 12-феврада ЖКнын жалпы жыйынында Жүрөк хирургиясы институтундагы өрттүн келип чыгуусунун алдын аласебебин айтты.
Анын айтымында, өрт жер төлөдөн чыгып, кубаттуу жабдуулардын биринин аккумулятору жарылган.
Эске салсак, кечээ, 11-февраль күнү кечинде аталган институттан өрт чыгып, бейтаптар менен кызматкерлер коопсуз жайга көчүрүлгөн. Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм каза болгон.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кырсыктын себептерин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү тапшырмасын берген.
Учурда кырсык боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгогон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” деген 257-беренеси менен ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Ал эми ӨКМ аталган жайга буга чейин өрт коопсуздук эрежелерин бузууларды четтетүү тууралуу эскертме берилип, кийин айып пул да салынгандыгын билдирди.