Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев коомдук кабылдама аркылуу жарандарды кабыл алды.
Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, баарлашуунун жүрүшүндө министр жарандардын суроолорун жана көйгөйлөрүн укту. Ал эми кайрылгандарга кеңири жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.
Сыргабаев айрым маселелердин чечилишин көзөмөлгө алууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.