• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Министр: Төө-Ашуудагы туннелге асфальт төшөө иштери аяктады

1 Баш оона 2023 9:55 Бишкек Govori.TV

Төө-Ашуудагы туннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Болжол менен 2-август күнү кечки саат 16:00дөн кийин чектөө алынат, азырынча мурдагы графикти кармап турабыз. Буга чейин айтылган 6-августка жеткирбей жол толугу менен ачылат. Эртең дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат», — деп жазды Текебаев.

Кошумчалай кетсек, туннелге асфалть төшөө иштери 26- июлда башталган. Министрлик 10-августка чейин асфалть төшөө иши болоорун, ал аралыкта 10 саатка унаа кыймылына чектөө киргизиле турганын маалымдаган.

Количество просмотров: 62