• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Министр: Уулуу газдарды азайтуу үчүн 6 млрд 700 млн доллар грант алууга өтүнүч бердик

12 Бештин айы 2022 17:21 Бишкек Govori.TV

12-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова абанын булгануусуна каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтты. Ал абада кара түтүндүн пайда болуусуна ЖЭБде, жеке секторлордо көмүрдүн колдонулушу жана автотранспорттон чыгып жаткан уулуу заттар себеп экенин айтты.

Ал Кырызстан уулуу газдардын абага бөлүнүп чыгуусун 2030-жылга карата 44% кыскартуу боюнча милдеттеме алганын эске салды. Министрдин айтымында, бул милдеттенмелерди аткаруу үчүн 6 млрд 700 млн долларга бир нече долбоорлор иштелип чыкты, анын бир бөлүгү макулдашылды.

Количество просмотров: 622