• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кутманова менен анын уулу камакта калды

15 Баш оона 202412:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту 8-августта мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутмановдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттарынын арызын карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту 18-июлда Динара Кутманова менен Кемелбек Кутмановдун камактагы мөөнөтүн 5-октябрга чейин узарткан. Алардын адвокаттары бул чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген.

Экс-министр Динара Кутманова жана уулу Кемелбек Кутманов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен айыпталууда.

Количество просмотров: 172