Кыргызстандын мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутманов 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Динара Кутманованы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси – “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн мамлекетке конфискация кылуу менен сегиз жылга абакка кести.
Ал эми Кутманованын уулу Кемелбек Кутманов болсо Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “Алдамчылык” менен айыптуу деп табылып, ал да сегиз жылга соттолуп, млкү мамлекетке алынды.