• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Экс-министр абакта калды. Окуучулар 2 күн онлайн окуйт

9 Тогуздун айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЭКС-МИНИСТР АБАКТА КАЛДЫ

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын абактагы мөөнөтү 9-декабрга чейин узартылды.

Мындай чечимди 5-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Эске салсак, УКМК 25-июлда Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу жана шыктандыруучу болгону аныкталып” кармалганын кабарлаган. УКМКнын маалыматы боюнча, Динара Кутманова министр болуп турганда мамлекеттин акчасын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык схема уюштурган. Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын, уулун, сиңдисин, үй кызматкерин, уулунун досун жана башкаларды тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган деп айыпталууда.

ОКУУЧУЛАР ОНЛАЙН ОКУЙТ

12-13-октябрда Бишкектеги мектептер менен бала бакчалары жабык болот. Бул тууралуу мэриянын билим берүү Департаментине билдиришти.

Маалыматка караганда, мектептер онлайн режимде ишин уланта берет, ал эми бала бакчалар ишин убактылуу токтотуп турат.

Айта кетсек, 12-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Ал эми 13-октябрда Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин президенттеринин саммити өтөт.

АЗИЯ ОЮНДАРЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Кытайдын Ханчжоу шаарында 19-Жайкы Азия оюндары аяктады. Медалдык эсепте кыргыз курамасы 18-орунду ээледи.

Биздин өлкөнүн атынан 162 спортчу катышты. Алар спорттун 23 түрү боюнча күч сынашты.

Кыргыз Республикасынын курама командасынын эсебинде 15 медаль бар. Алардын ичинен төрт алтын, эки күмүш жана тогуз коло байге.

Количество просмотров: 171