• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министрдин орун басары маянасынын көлөмүн айтты

23 Тогуздун айы 202416:04 Бишкек Govori.TV

Депутат Эльвира Сурабалдиева юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун айлыгы канча экенине кызыкты. Депутат 23-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жалган жалаа жана мазактоо үчүн жазаны киргизүүнү караган мыйзам долбоорун талкуулап жатканда сураган.

Сыдыков 80 миң сом ала турганын айтып, жооп берди.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 80 миң алган жарандар көппү? Сиз кандай децсиз 100 миң сом айып салынып жатса, акылары 25-30 миң сом болуп жатса. Эртеңки күнү ал адамдар эмне болушат», — деген депутат Сурабалдиева айыпты аныктап жатканда айлык акынын көлөмүнө маани берүү керек экенин айтты.

Количество просмотров: 270