• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министрдин орун басары Мирлан Бакировдон жеме укту

11 Жалган куран 202016:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев вице-спикер Мирлан Бакировдон жеме укту.

Керималиев өзгөртүү киргизүү сунушталган өкмөттүн токтом долбооруна баяндама жасап жатып, саркынды суу менен ыпылас суу деген сөздөрдү алмаштырып алды.

«Сиз азыр баяндамада саркынды суулар деп бердиңиз. Ал эми салыштырмалуу таблицада ыпылас суулар деп жүрөт. Ыпылас суу деген эмне анда?», — деди Бакиров.

Министрдин орун басары Керималиев токтомго ыпылас суу деп жазылганын белгилеп, баяндамада кемчилик болгонун мойнуна алды.

Количество просмотров: 169