• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бейшеналиевдин «USAID муздаткыч алып берет» дегени туура эмес болуп чыкты

22 Үчтүн айы 2021 13:31 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы вакциналарды сактоо үчүн USAID уюму Кыргызстанга муздаткычтарды сатып бербейт. Бул тууралуу вице-премьер министр Эльвира Сурабалдиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы министрдин ойлонбой айткан сөзү үчүн кечирим сурайт. USAID муздаткычтар боюнча өз кызматын сунуштаган эмес. Саламаттыкты сактоо министри жаңылган», — деп жазды Сурабалдиева.

Белгилей кетсек, кечээ 21-январда USAID уюму Кыргыз өлкөсүнө америкалык «Pfizer» вакцинасын сактоо үчүн атайын муздаткычтарды бере тургандыгын Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айткан.

Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси жаңылыштык кетиргенин мекеменин басма сөз кызматы ушул эле күнү бышыктап, муздаткыч маселеси боюнча башка бир эл аралык уюм менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.

Количество просмотров: 152