• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министрлер кабинети Казакстандагы абалга байланыштуу чукул жыйынга чогулду

6 Үчтүн айы 202211:58 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында министрлер кабинетинин чукул жыйыны өтүүдө.

Маалыматка ылайык, күн тартибинде Казакстандагы абал талкууланат.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн эртең менен өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койду. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келип, өлкө боюнча өзгөчө абал режими жарыяланган.

Кийин Токаев ЖККУга жардам сурап кайрылган. Уюм өлкөгө бейпилдик күчтөрүн жөнөтүүнү чечти. 6-январь күнү эртең менен Казакстан Республикасынын аскер кызматкерлеринин арасында көптөгөн талап-тоноолор жана курмандыктар катталган.

Башаламандык учурунда 10 аскер кызматкери каза болгонун өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянуу менен жергиликтүү ЖМКлар жазышкан.

Количество просмотров: 105