• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Министрлер кабинети Россияда каза болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти

23 Баш оона 202220:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-августта Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмеси болуп өттү.

Жыйындын башында Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан каза болгон мекендештерди бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти.

Андан соң бир катар токтомдордун долбоорлору, атап айтканда, “2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү жөнүндө”, “Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” ж.б. чечимдер каралып, жактырылды.

Количество просмотров: 133