• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Министрлер кабинетинде өз ишинде ийгилик жараткан кыргызстандыктар сыйланды

26 Аяк оона 2023 13:55 Бишкек Govori.TV

Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев өз ишинде ийгилик жараткан өлкө жарандарына министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын жана министрлер кабинетинин төрагасынын атынан алкыш жарыялады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өз сөзүндө Айбек Жунушалиев чогулгандарды татыктуу сыйлыгы менен куттуктап, бул сыйлыктарга республиканын билим берүү, медицина, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, ички иштер, авиация, айыл чарба жана эл аралык иштер тармагындагы көрүнүктүү атуулдарынын ишмердүүлүгү бааланганын белгиледи.

“Сиздер өлкөбүздүн өнүгүшүнө жеке эбегейсиз салым коштуңуздар. Бул сыйлыктар мамлекеттик сыйлыктарга тепкич болуп калсын”, – деп белгиледи ал.

Количество просмотров: 51