• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министрлер кабинетинин төрагасы Беларуска барат

28 Аяк оона 202512:04 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 28-29-сентябрында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Беларуска барат.

Расмий сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Беларусь президенти Александр Лукашенко жана Беларусь премьер-министри Александр Турчин менен жолугушат.

Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар эл аралык документтерге кол коюлат. 

Мындан тышкары, 29-30-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына, ошондой эле «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн пленардык жыйынына катышат.

Количество просмотров: 112