• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Министрлик: 12 медициналык колледжге чара көрүү сунушу берилди

20 Чын куран 202217:46 Бишкек Govori.TV

Fтайын комиссия медициналык окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасын текшерип, «12 медициналык коллеж талапка жооп бербейт» деген чечим чыгарды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматында, бул окуу жайларга тиешелүү чара көрүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине кат жөнөтүлдү.

Тизмедеги окуу жайлар:

  • Ош аймактык медициналык коллежи,
  • К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык медициналык коллежи,
  • «Авиценна билим» медициналык коллежи,
  • Н.И. Пирогов атындагы медициналык коллежи,
  • “Уникум” кыргыз медико-социалдык коллежи,
  • Ысык-Көл медико- стоматологиялык коллежи,
  • Кочкор-Ата аймактык коллежи,
  • ИСИТО медициналык коллежи,
  • “Дулдул тоо” Араван коллежи,
  • С. Тентишев атындагы АзМИ медициналык коллежи,
  • Медико-фармацевтикалык коллежи,
  • МУНИБ медициналык коллежи.
Количество просмотров: 126