• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Министрлик 2-сентябь жумуш күнү болорун эскертет

7 Баш оона 202412:43 Бишкек Govori.TV

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үстүбүздөгү жылдын 2-сентябры жумуш күнү болорун эскертет.

Ведомстводон билдиришкендей, министрлер кабинетинин 2024-жылдын 26-декабрындагы N 708 «2024-жылдын дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө» токтому менен, 2024-жылдын 1-январынан 7-январына узак дем алыш күндөрү белгиленген.

Бул токтомго ылайык, 2024-жылдын 2-сентябрындагы эс алуу күнү 2024-жылдын 5-январындагы жумуш күнүнө жылдырылган.

Белгилей кетсек, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер үчүн Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык 2024-жылдын 2-сентябры 2024-жылдын 31-августунун эсебинен дем алыш күнү болушу керек болчу, эгерде майрам дем алыш күнүнө туура келсе, анда кийинки иш күнү майрам деп эсептелет.

Количество просмотров: 105