Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 24-февраль Кыргызстанда иш күн болорун эскертет.
Мекеменин маалыматына ылайык, 24-февраль жумуш күнү болот. 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү эс алуу күнүнө (жекшемби) туш келгендиктен мамлекеттик бюджеттен каржыланып, 5 күндүк иш күн менен иштеген мекеме-ишканаларда 24-февраль дагы эс алуу күнү болот. Бирок Өкмөттүн токтому менен бул эс алуу күнү 2-январдагы жумуш күнүнө которулган.