• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн көп функционалдуу коляскалар келди. Акысыз берилет

15 Теке 2020 16:47 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн көп функционалдуу коляскалар келди. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров брифингде билдирди.

Анын айтымында, Кимде-ким коляскага муктаж болсо,  эксперттик комиссиянын корутундусу менен аны акысыз ала алат.

“Көп функционалдуу коляска сатып алууга буга чейин  мыйзам жол берген эмес, бирок бул коляскага суроо талап күч болуп турган. Өкмөттүн токтом, жоболоруна өзгөртүү киргизип, көп функционалдуу коляска сатып алууга толук мүмкүнчүлүк алдык. Жакында анын алгачкы партиясы бизге келип түштү. Дагы эки-үч күндө калган паритялары да келет. Алардын 2 миңи жөнөкөй, 570и көп функционалдуу коляска. Кимде-ким коляскага муктаж болсо, биздин эксперттик комиссиянын корутундусу менен аны акысыз ала алат”, — деди министр.

Количество просмотров: 82