• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Министрлик «ачка калбайлы деп, иттин этин жейбиз» деген үй-бүлө боюнча маалымат таратты

14 Аяк оона 202315:34 Бишкек Govori.TV

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «ачка калбайлы деп, иттин этин жейбиз» деген үй-бүлө боюнча маалымат таратты.

Министрлик кабарлагандай, аталган үй-бүлө Бишкек шаарынын Свердлов райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын турмуштук оор кырдаалда турган каттоосунда турат. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан Бишкекке көчүп келип, ижарага алынган батирде жашайт. Үй-бүлө башчысы ар кандай жумуштарда иштеп жан багат.

«Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан эки бала орто мектепке, кичүүсү бала бакчага аныкталды. Балдардын энесине 15 000 сом айлык акы менен жумуш сунушталган, бирок ал баш тарткан. Ошондой эле атасы жумушка орношуудан баш тарткан. Гуманитардык жардамдын алкагында үй-бүлөгө муздаткыч, кир жуугуч машина, телевизор, термопот берилди»,-деп жазылат маалыматта.

Кварталдык комитеттин башчысынын айтымында, коңшулар үй-бүлө үчүн 590 миң сом чогултуп беришкен.

Количество просмотров: 2033