Кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууга байланыштуу Кыргызстандын саламаттык сактоо мекемелери жогорку деңгээлде даярдыкта турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
«Баткен облусундагы ооруканага чек арадагы окуядан жабыркап эч ким кайрылган жок», — дей айтылат маалыматта.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт.
Такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.
Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.
Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда. Тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонууда.