• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абдрахматов: «Камбар-Ата-1 ГЭСи кооптуу жерге курулганы жатат»

9 Аяк оона 202518:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында депутат Азиз Турсунбаев ГЭСтин курулуш иштерине сейсмология боюнча адистердин тиешеси барбы деген суроону койду.

Улуттук илимдер академиясынын президенти, ошол эле учурда Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов буга чейин мындай ири долбоорлорду ишке ашырууда сейсмикалык микрорайондоштуруу боюнча алдын ала изилдөөлөр жүргүзүлүшү керек болчу деп жооп берди.

«Биз Камбар-Ата-1 деген ГЭСти куруп жатпайбызбы. Андай чоң долбоорлор мурда алдын ала сейсмикалык микрорайондоштуруу изилдөөлөрдү өткөрүш керек болчу. Тилекке каршы, азыр андай изилдөөлөр жүргүзүлгөн жок. Ал жаман көрүнүш. Эгер эртең ушул ГЭСти кура баштасак, катуу жер титирөө болсо, ушундай чоң ГЭС талкаланып калса анда ылдый жакта турган Камбар-Ата-2 жана ылдыйда жайгашкан каскаддар да бузулат. Биз министрликке эки жолу кат жазганбыз. Биринчи катка жооп алганбыз, ал эми экинчи биз мындай изилдөө жүргүзүүгө даярбыз деген катка азырынча жооп ала элекпиз. Менин оюмча сейсмолог катары бүгүнкү күндөгү долбоор аябай кооптуу жерге курулганы жатат», — деди ал.

Количество просмотров: 467