• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Министрлик: Коронавирус менен ооругандар азайды

17 Баш оона 2021 13:40 Бишкек Govori.TV

Акыркы апталарда Кыргызстанда коронавирус менен ооругандар басаңдаганы байкалды. Бул тууралуу Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов бүгүн 17-августта коронавируска каршы вакциналардын сапаты жана коопсуздугу тууралуу маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Акыркы көрсөткүчтөрдү эске алсак таажы илдетин жуктургандардын саны азайды. Бирок бул узак мөөнөттүү прогноз эмес. Себеби вакцина ала элек жарандарыбыз көп. Алдыда 2-3 айда эпидемиологиялык кырдаал кандай өзгөрөт так айта албайбыз. Организмди COVID-19дан коргоо жана кайрадан ооруп калбаш үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактап, той-аштарды токтотуу менен вакцина алуу зарыл»,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эл аралык эксперттери жана кыргызстандык адистер коронавируска каршы вакциналардын сапаты жана коопсуздугу тууралуу суроолорго жооп беришти.

Количество просмотров: 139