• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Министрлик кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин арасында сынак жарыяланды

9 Бештин айы 2022 17:16 Бишкек Govori.TV

Билим берүүнүн бардык баскычтарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин арасында “Мыкты баяндамачы — 2022” республикалык сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, сынак “КРнын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 3З жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Сынактын максаты — кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин жазуу жана сүйлөө чеберчилигин арттыруу, мыкты баяндамачылардын базасын түзүү болуп саналат.

Сынакка республиканын бардык аймактарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жана бардык улуттун өкүлдөрү катыша алат.

Сынак 3 этап менен өтөт:

I этапта – катышуу үчүн облус/шаардан табыштамалар кабыл алынат (12-декабрга чейин);

II этапта – ар бир катышуучу кыргыз тилин окутуунун азыркы абалы, анын жаралыш шарты жана көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун чагылдырган 3-беттен ашпаган текстти уюштуруу комитетине жөнөтүшү керек (15-декабрга чейин);

III этапта – финалга чыккан сынактын катышуучулары онлайн жана оффлайн форматында оозеки баяндама жасашат (20-декабрда).

Сынакка катышуунун жол-жоболору боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун bilimmamtil(@gmail.ru электрондук дарегине кайрылса болот.

Байланыш телефондору: 0(559)280974, 0(990)904404 (вотсап), (0312)663898

Количество просмотров: 117