• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Министрлик: Кыргызстанда “балдар эпидемиясы” жок

5 Аяк оона 2020 13:34 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлиги «балдар ооруп жатат» деген маалыматты төгүндөдү.

Министрликтен билдиришкендей, бардык балдар стационарлары штаттык режимде иш алып барууда жана эч кандай “балдар эпидемиясы” жок.

«Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 204 орун COVID-19 илдети менен ооругандарга даярдалган. Алардын ичинен 150си бош. Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жетекчилигинин маалыматына караганда, жалпысынан 400 орун даярдалып, анын ичинен 60ка жакыны бош турат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координаторунун милдетин аткарып жаткан Мира Кыдырбаеванын айтымында, облуста балдарды кабыл алуу үчүн жалпысынан 121 орун даярдалган, алардын ичинен 115и бош»,-деп айтылат маалыматта.

Акыркы күндөрү, WhatsApp мессенджери аркылуу Ысык-Көл облусундагы жана Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо мекемелеринде массалык түрдө оор абалда ооруп жаткан балдар катталууда, мындан улам кабыл алууга бош орундардын жетишсиздиги бар деген маалымат тараган.

Количество просмотров: 59