• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Министрлик: Өлкөдө COVID-19 илдетинин 3-толкуну жүрүп жатат

15 Кулжа 2021 14:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну байкалууда, деп билдирди саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев 15-июнда өкмөттүн брифингинде.

Анын айтымында, пандемия башталгандан бери 2020-жылдын июль жана ноябрь айларында коронавирустун эки толкуну болду.

«Коронавирустун биринчи учуру 2020-жылы 18-мартта катталган. Жыл ичинде оорунун чокусу болгон эки толкун болду. Биринчи толкун июль айында болуп, күнүнө 1600 жаңы учур катталып жатты. Экинчи толкун октябрдан ноябрга чейин байкалып, оорунун туу чокусунда күнүнө оору жуккан 606 адам дарыгерлерге кайрылып жатты», — деди министрдин орун басары.

Бүгүн өлкө аймагында коронавирус илдетин жуктурган 514 адам катталды.

Количество просмотров: 194