• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Министрлик: Митингде жаракат алган 24 жаштагы жигит комадан чыкты

2 Жетинин айы 2020 15:47 Бишкек Govori.TV

Парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда болгон окуяларда жаракат алган 24 жаштагы Э.у.У. аттуу жигит комадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, бүгүн, 2-октябрь күнү саламаттык сактоо министри 5-октябрдагы окуяларда жаракат алган жарандар дарыланып жаткан Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна барган.

Аталган борбордун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, учурда 24 жаштагы жигиттин абалы кичинеден жакшыра баштады.

“Бейтап комадан чыгып, бүгүн аны нейротравматология бөлүмүнө которуп жатабыз. Азырынча анын абалы оор бойдон калууда. Ал тиешелүү түрдө дарыланууда. Ал узак реабилитациядан өтүш керек болот. Ошондой эле бизде дагы 7 жабырлануучу дарыланууда. Алардын абалы туруктуу. Бардыгы акысыз дарыланууда. Медициналык жардам үчүн кайрылгандарды кабыл алып жатабыз. Жабырлануучулардын бири бүгүн кайра кайрылып, ооруканага жаткырылды”, — деди ал.

Эскерте кетсек, октябрда болгон окуяларда жаракат алган 1 миң 250 киши ооруканаларга кайрылып, алардын ичинен 279у ооруканаларга жаткырылган. Бүгүнкү күнү 8 киши Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланууда.

Количество просмотров: 131