• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Министрлик: Окуучу кызды сабаган мугалим боюнча комиссия түзүлдү

25 Бугу 202222:17 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда окуучу кызды мугалим сабап жаткан видео тасма боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Окуя 23-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте болгон. Окуучуну сабап жаткан информатика мугалими, кыз 7-класстын окуучусу.

Сузак райондук билим берүү бөлүмү түзгөн комиссия окуяны 26-майда териштирип, чечим кабыл алат.

Белгилей кетсек, социалдык тармакка сабак учурунда мугалим окуучу кызды урушуп, уруп жаткан видеосу тараган.

Количество просмотров: 198