• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Министрлик: Студенттердин бул семестри өз убагында бүтөт

31 Жалган куран 2020 14:59 Бишкек Govori.TV

Учурда бардык жогорку окуу жайлары дистанттык окутуу режимине өткөн.Бул тууралуу Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

«Студенттердин бул семестри өз убагында бүтөт. Диплом жана мамлекеттик экзамендер боюнча альтернативдик механизмдерди карап чыктык. Ата мекен тарыхы боюнча экзаменди дистанттык режимде өткөрүү каралып жатат. Ал эми диплом боюнча айтсам, аны да онлайн режиминде студенттер тапшырышы мүмкүн. Бул ыкманы колдонууга толук мүмкүнчүлүк бар», — деди Өмүров.

Количество просмотров: 173