• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Министрлик жолдорду курууга жана оңдоого 700 атайын техника сатып алат

6 Бештин айы 2023 14:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлиги жолдорду курууга жана оңдоого 700 даана атайын техника сатып алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинеде өткөн маалымат жыйынында ведомствонун башчысы Тилек Текебаев билдирди.

Министрдин айтымында, техниканын 265и өлкөгө жеткирилди, ал эми калган 435ин жакынкы убакта сатып алуу пландалууда.

“Техника лизингге алынат, баштапкы төлөм жалпы сумманын 30%ын түзөт. Калган 70%ын үч жыл бою квартал сайын төлөп туруу пландалууда», — деди ал.

Количество просмотров: 68