• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте түштүк айланма жолун куруу каралууда

12 Бугу 202611:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 44 чакырым узундуктагы түштүк айланма жолун куруу каралууда. Бул тууралуу борбор калаанын 2050-жылга чейинки бекитилген Башкы планында айтылат.

Анда белгиленгендей, айланма жол Күн-Туу, Шалта, Баш-Кара-Суу, Беш-Күңгөй, Ленин айылдарын айланып өтөт.

Ал жогорку ылдамдыктагы жакынкы айланып өтүү жолуна альтернативдүү жол катары кызмат кылат деп пландалууда.

Количество просмотров: 109