• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Министрлик: Жыл башынан бери 94 бала зомбулукка кабылды

8 Жетинин айы 2018 12:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек.08.11.2018.Govori.TV.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл оор турмуштук абалда жашаган 4278 бала аныкталып, алардын 2847си боюнча балдарды коргоо планы иштелип чыкты.

Бул балдардын 94ү зомбулуктун ар кайсы түрүнө кабылганы белгилүү болду. Алардын кыркы уруп-сабоого, 39у сексуалдык, он беши психикалык зомбулукка тушуккан.

Ал эми ички иштер министрлигинин Жашы жете электер инспекциясынын жетекчиси Марат Сапаев быйыл июлда 2018-жылдын башынан бери балдарды зордуктоо боюнча катталган кылмыштардын саны 70тен ашканын билдирген. Балдардын 80 пайызга чукулу жакындарынан кордук көрсө, кылмышка баргандардын 43 пайызы жабырлануучу менен бир үйдө чогуу жашагандар болуп чыкканын айткан.
Изилдөөлөр Кыргызстанда 14 жашка толо элек балдардын 57 пайызы зомбулукту көрүп чоңойоорун көрсөткөн.
Количество просмотров: 38