«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде маданият министрлигине сайттарды жабуу боюнча жалпы 8 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда өткөн маалымат жыйында Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.
«Келип түшкөн арыздардын ичинен 2 сайттын ишин убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган. Кийин бир сайтка карата чечим жокко чыгарылды. Кайсы сайт экени сиздерге белгилүү»,-деди ал.
Эске салсак, «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамга 2021-жылдын 23-августунда президент Садыр Жапаров кол койгон. Мыйзам долбоорунда интернет колдонуучулардын анонимдүүлүнүн жоюп, эгер жалган же такталбаган маалымат чыккан болсо соттун чечимисиз эле сайтты жабуу каралган.
Чуу жараткан мыйзамга жарандык коом каршы чыгып, долбоор кескин сынга алынган.
Февраль айында Маданият министрлиги фейктер тууралуу мыйзамды аткаруу боюнча токтом иштеп чыккан. Документке ылайык, мамлекеттик орган арыздарды жана даттанууларды кабыл алып, анык эмес маалыматты таратты деген сайттарды убактылуу жабуу менен алектенет.
Убактылуу жабууга 24.kg маалымат агенттиги дуушар болгон. Анда Амбассадор» мейманканасы Маданият министрлигине 24.kg басылмасына арызданып кайрылган, алар сайтта чыккан маалыматты чындыкка коошпойт деп эсептешкен. Маалымат агенттигинен эч ким алар менен байланышып, алардын версиясын укпаганын билдиришкен. Териштирүүлөрдөн кийин Маданият министрлиги сайтты жабуу боюнча чечимди артка чакыртып алууну чечкен.