• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Пакистандын Президенти Асиф Али Зардари менен жолукту

15 Тогуздун айы 202416:57 Бишкек Govori.TV

КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Исламабад шаарындагы жумуш сапарынын алкагында Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер Кабинети билдирди.

Анда МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Пакистан Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу орундардын бирин ээлей турганын өзгөчө белгилеп:

 «Биз сиздердин өлкө менен соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө абдан кызыкдарбыз»-деди.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасы БУУ, Шанхай Кызматташтык Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму, Экономикалык Кызматташтык Уюму ж.б.  эл аралык уюмдардын алкагында бири-бири менен активдүү кызматташаарын белгиледи. 

Жолугушууда тараптар  соода-экономикалык кызматташтыктагы маселелерди кеңири талкуулашып, инвестиция, энергетика, транспорт жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Количество просмотров: 123