Мирлан Дылдаев К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды.
Буга чейин окуу жайдын ректору Абдылда Мусаев болчу. Ал кызматтан кеткенден кийин 7-февралда Билим берүү министрлиги К.Карасаев атындагы БМУнун ректорлугуна сынак жарыялаган.
Сынактын жыйынтыгында эң жогорку баллды Мирлан Дылдаев алды.