Алмазбек Акматалиев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Акматалиев Алмазбек Акматалиевич берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Жапаровдун дагы бир Жарлыгы менен Айгюль Калчакеева Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды.