• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте университеттен 50 миң доллар уурдалып, шектүүлөр кармалды

14 Жалган куран 202516:55 Бишкек Govori.TV

Бишкекте университеттен 50 миң доллар уурдалып, шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 29-январда Анкара көчөсүндөгү университетке уурулар кирген. Алар сейфти ачып, ичинен 50 миң доллар уурдап кетишкен.

«Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205- беренеси (Уурулук) боюнча катталган. Милиция тарабынан 1992-жылы туулган А.Э., 1994-жылы туулган И.К., 1985-жылы туулган К.А. жана 1980-жылы туулган М.Б. аттуу шектүүлөр кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 395