Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 79 жылдыгына карата 9-майда Орусиянын борборунда өтө турган аскердик парадга катышат.
Парад тууралуу маалымат тараткан Кремлдин басма сөз кызматы меймандардын арасына Шавкат Мирзиёевдин да ысымын кошкон.
Мирзиёевден тышкары аскерий парадга Беларустан Александр Лукашенко, Казакстандан Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандан Садыр Жапаров, Тажикстандан Эмомали Рахмон, Түркмөнстандан Сердар Бердымухамедов, Кубадан Мигель Тканел Бермодес, Лаостон Тхонглун Сисулит жана Гвинеядан Бисау Умару катышат.
Орус президентинин администрациясынан билдиришкендей, Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюу аземине Орусия президенти Владимир Путин менен бирге параддын ардактуу коноктору да катышат.