• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мирзиёев Путин менен Каракалпакстандагы абалды талкуулады

6 Теке 2022 14:20 Бишкек Govori.TV

5-июлда Өзбекстандын прездиенти Шавкат Мирзиёев орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефондо сүйлөштү.

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, Орусиянын президенти Каракалпакстандагы абалды турукташтыруу үчүн өзбек өкмөтү кабыл алган чечкиндүү чараларды кубаттады.

Мирзиёев башаламандыктарга чет өлкөлүк күчтөр аралашканын ишара кылып, бирок бир дагы өлкөнүн атын атаган жок. Өзбекстан өкмөтү тополоңго «конституциялык реформаларды туура эмес түшүндүргөн айрым жарандарды» күнөөлөдү.

Башаламандык учурунда 18 киши өлүп, 246сы жаракат алган.

Количество просмотров: 587